Баткендик ойлоп табуучулардын мыкты эмгектери рынокко чыкты

Аймак 07 Апрель 2025 15:41
488911335_1204671281026325_581161855658347402_n.jpg
488892770_1204671284359658_965735634242658691_n.jpg
490065767_1204671277692992_1051309998606185236_n.jpg
488831946_1204671204359666_3865561680933031397_n.jpg
489841527_1204671167693003_6822346377378314923_n.jpg
489333828_1204671171026336_2417090766831632417_n.jpg
488954720_1204671091026344_6231854138554477573_n.jpg
489027797_1204671067693013_8611609249191807134_n.jpg
488865105_1204671054359681_184270146211498736_n.jpg
489295225_1204671007693019_8231978268222161056_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Баткендик ойлоп табуучулардын мыкты эмгектери Кыргызпатенттин колдоосу менен рынокко чыкты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкүлчүлүктүн аппараты менен Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) биргелешкен аракетинин натыйжасында, 40 райондон 40 демилге долбоорунун алкагында Баткен облусунда өзгөчөлөнгөн эмгектер каржыланды.

Долбоорлордун авторлору Кыргызпатент тарабынан 500 миң сомдон 1 млн сомго чейинки суммада кайтарымсыз каражат( грант) алышкан.

Алар:

1.“Акылдуу тамчылатып сугаруу долбоору”, Кадамжай району.
2. “Жаңы ыкма менен даярдалган Өрүк курут долбоору”, Баткен району.
3. “Violet gold-лаванда талаасы” самындары, Кадамжай району .
4. “Бал аарычылык чарбасын өнүктүрүү” долбоору, Лейлек району.
5. “Кызыл как” мөмө-жемиш кактары, Кадамжай району.
6. “Сынч Блок Эко 3D панель”, Кадамжай району.

Белгиленгендей, өзгөчөлөнгөн пайдалуу эмгектерди ойлоп табууларга патент алуу боюнча дагы бир катар өтүнмөлөр берилген.

Мындан сырткары, “Баткен өрүгү”, “Актурпак күрүчү” “Лейлек килемдери” боюнча чыгармачылык жана инновациялык ишмердүүлүктү колдоо боюнча иштер жүрүүдө.

Бул багытта бүгүн Кыргызпатенттин өкүлдөрү Баткенге “Билим кербени” менен келип, бардык кызыктар тараптар үчүн окутуу өткөрүштү. Колдоого алынган долбоорлордун ээлери эмгектерин көргөзмөгө коюшту.