Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. 25-июлда Раззаков шаарынан чыккан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган “Биримдик кербени” аттуу 40 күндүк улуттук жүрүшүн бүгүн Кызыл-Кыя шаарынан салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунан жолго чыккан 30 өкүлдү Баткен облусунун дарбазасынан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатышты.
Андан ары аларды Ош облусунун Ноокат районунун кире беришинен облус башчысынын биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, Ноокат районунун акими Нурлан Керимкулов баштаган жетекчилер тосуп алды.
Жүрүш 25-июлдан 2-сентябрга чейин уланып, ага 400дөн ашуун катышуучу катышат.
Долбоордун негизги өзгөчөлүгү – ар бир райондон алынган булак суусу кербен аркылуу өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып өтүп, соңунда Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы “40 уук – бир түндүк” маданий иш-чарасында бир казанга бириктирилет. Бул өлкөнүн биримдигин, ынтымагын жана бүтүндүгүн даңазалаган символдук жөрөлгө болуп саналат.
Кербендин багыты Баткенден башталып, Кыргызстандын бардык аймактарын аралап өтөт. 26-августта кербен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына жетип, 27-августта салтанаттуу тосуп алуу аземи өткөрүлөт.
Ал эми 28–29-август күндөрү эл аралык маданий иш-чаралардын алкагында 40 райондун суусу өткөрүлүп берилет.