Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Баткен шаарында 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун курулушу 80% аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, объектти жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
10 гектар аянтты ээлеген стадиондун аймагында негизги футбол аренасынан тышкары үч машыгуу талаасы, төрт кичи футбол аянтчасы жана 100 орундуу жатакана курулууда. Ошондой эле 200 унаага ылайыкталган токтотуучу жай каралган.
Стадион президенттин футболду 2024-2034-жылдары өнүктүрүү боюнча жарлыгынын алкагында курулууда. Ал пайдаланууга берилсе, Баткенде облустук жана республикалык деңгээлдеги спорттук иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөт.