Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Баткен шаарында жайгашкан «Төрт-Күл көчмө механикалаштырылган колоннасынын» мүлк комплекси жана ага чектеш аймак мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп берүүсү аныкталды.
УКМКдан билдиришкендей, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, автоматташтырылган маалыматтык системада катталган тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын негизинде «Төрт-Күл КМК» АКнын жетекчилиги өз аракеттеринин мыйзамсыз экенин моюнга алып, жалпы аянты 0,63 гектар болгон мүлк комплексти ыктыярдуу түрдө шаардык мэриянын балансына өткөрүп берди.
УКМК бул багыттагы мыйзамсыз өткөрүлгөн социалдык инфраструктура объектилерин жана жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.