Баткендеги Кызыл-Кыя шаардык маданият үйү жаңыланат

Аймак 10 Октябрь 2025 16:10
561751245_1347595180067267_7506838595171137145_n.jpg
557446869_1347595236733928_2689920030317621696_n.jpg
514268863_1347595223400596_7973257133441692125_n.jpg
558442391_1347595290067256_4025980989227773798_n.jpg
557603256_1347595323400586_9130562517347483023_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Баткендеги Кызыл-Кыя шаардык маданият үйү жаңыланат. Бул тууралуу Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов Кызыл-Кыя шаарына иш сапары менен барып, бир катар обьекттерди абалы менен таанышканда белгилүү болду.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, анда облус жетекчиси Кызыл-Кыя шаардык маданият үйүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү же жаңыдан куруу боюнча сунушун айтып, долбоордук сметалык документтерди даярдоону тапшырды.

Ошондой эле имараттын айланасын жашылдандырып,максаттуу пайдалануу керектигин белгиледи.

Шаар жетекчилиги алдыда имаратты чыгармачылык борборго айлантуу пландалганын айтты.

Маданият мекемесинде таланттуу балдарды тарбиялоо үчүн заманбап шарттарды түзүү, балдардын музыкалык мектеби, китепкана, музей сыяктуу маданий мекемелердин борборуна айлантуу тууралуу сунуштар колдоого алынды.