Баткендеги Боз айылынын тургундары электр энергиясы менен камсыздалды

Аймак 06 Октябрь 2025 11:11
558771971_802213892767103_2479733677567015148_n.jpg
556652001_802214042767088_5798318376597565310_n.jpg
557466758_802213996100426_2479566424727728538_n.jpg
Алдыга
Артка
558771971_802213892767103_2479733677567015148_n.jpg
556652001_802214042767088_5798318376597565310_n.jpg
557466758_802213996100426_2479566424727728538_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Баткендеги Боз айылынын тургундары электр энергиясы менен камсыздалды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, акыйкатчыга Баткен облусунун Кадамжай районунун Боз айылынын тургундары кайрылып, 10 жылдан бери электр жарыгысыз жашап жатканын айтышкан. Алар өз алдынча чубалгы тартып, кошуна көчөдөн электр жарыгын убактылуу алып келген. Мындай жол өтө кооптуу болгондуктан тургундар райондук электр тармактар ишканасына жана айыл өкмөткө электр мамычаларын орнотуп, жарыкка кошуу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан.

Мындан кийин акыйкатчы Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясына, Үч-Коргон айыл өкмөтүнө жана райондук электр тармактар ишканасына айыл тургундарынын көйгөйүн кечиктирбестен чечип берүүнү сунуштап, расмий кат жолдогон.

Эки айдан соң айыл өкмөтү Боз айылынын көчөлөрүнө жалпысынан 20 даана электр мамычасы орнотулуп, айылга 2 даана жаңы трансформатор коюп, бардык үйлөрдү электр жарыгы менен камсыз кылды. Учурда айылдын ички жолдорун оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.

Маселенин өз убагында чечилбей калышына жооптуу катары айыл башчыга “эскертүү” түрүндөгү тартиптик жаза берилгени айтылды.