Бишкек, 27.08.25 /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун Ай-Көл айылында Н.Батыров атындагы орто мектептин курулушу аяктады.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, бул иштер 2023-жылдан бери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, долбоордун баасы 106 миллион сомду түзгөн.
Жалпы аянты 1141 чарчы метрди түзгөн жаңы мектеп 225 окуучуга ылайыкталган жана эки кабаттуу окуу корпусун камтыйт. Студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн, имарат заманбап жабдуулар менен жабдылган.
Белгиленгендей, ачылыш 1-сентябрда болот.