Баткенде жылдын жыйынтыгы менен 5 айыл өкмөтү дотациядан чыкты

Аймак 07 Февраль 2025 15:47
News_323023349718053612212256381950927667245.jpg
476463804_1161113705382083_5025055239851019752_n.jpg
476243014_1161113815382072_6051582003326787668_n.jpg
476831686_1161113645382089_1357546192566009656_n.jpg
Алдыга
Артка
News_323023349718053612212256381950927667245.jpg
476463804_1161113705382083_5025055239851019752_n.jpg
476243014_1161113815382072_6051582003326787668_n.jpg
476831686_1161113645382089_1357546192566009656_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Баткен облусунда 2024-жылдын жыйынтыгы менен 5 айыл өкмөтү дотациядан чыкты. Бул тууралуу облустун 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктыгын чыгарган жыйында айтылды.

Жыйынга президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов баштаган коллегия мүчөлөрү, облус активи катышты.

Коллегияда облустун экономикалык жана социалдык тармактарында аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат берилип, суроо-жооп менен маселелер кеңири талкууланды.

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен облус бардык багыттарда белгиленген планды ашыгы менен аткарган.

Беш айыл өкмөтү дотациядан чыккан. Алар Кадамжай районунун Масалиев, Майдан, Ак-Турпак, Исхак-Полотхан,Үч-Коргон айыл аймактары.

Коллегиянын жүрүшүндө облус башчысы Айбек Шаменов облусту өнүктүрүү боюнча жетекчилерге бир катар тапшырмаларды койду.

Коллегиянын соңунда жылдын жыйынтыгы менен “Мыкты район” Кадамжай району, ”Мыкты шаар” Кызыл-Кыя шаары деп табылды.