Баткенде жыл башынан бери 45 чакырым жол асфальтталды

Аймак Загрузка... 19 Сентябрь 2025 14:55
WhatsApp Image 2025-09-19 at 13.48.46.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Баткенде жыл башынан бери 45 чакырым жол асфальтталды.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, 2025-жылы 118 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган болсо, 9 ай аралыгында 45 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 315 млн сомдук жумуш аткарылды.

2022-2024-жылдары 171 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 180 чакырымга шагыл жол салынды. Ал үчүн 2 млрд 286 млн 700 миң сом бөлүнгөн.