Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Бүгүн Кадамжай шаарында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун буйругунун негизинде түзүлгөн Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жумушчу комиссиясынын көчмө жыйыны өттү.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйын өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин төрагалыгында өтүп, ага район-шаар башчылары, жергиликтүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн жана башка бардык тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышты.
Анда буга чейин коюлган тапшырмалардын аткарылышы жана 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы тууралуу жолдогу укук бузуулар боюнча маалыматтар берилди.
Андан соң маалыматтар талдалып, төртүнчү кварталга бир катар тапшырмалар коюлуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Белгилей кетсек, жыйында акыркы учурдагы жол кырсыктарынын негизги себептери белгиленди. Алар электр тогу менен кубатталуучу жеңил транспорт каражаттарынын иретсиз колдонулуусу, айдоочулардын каршы тилкеге чыгуусу жана жогорку ылдамдыкта жүрүүсү болууда.
Жыйында Бактыбек Токсонбаев ушул үч багытта элге дыкат түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, билим берүү мекемелеринни алдына камераларды орнотуу, жол чийиндерин жаңылоо, күн нурунан кубат алуучу жол чырактарды орнотуу тапшырмаларын койду.