Бишкек, 21.06.25. /Кабар/. Күн мурун ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов иш сапары менен Баткен облусуна келип, жол коопсуздугу боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен болгон жолугушууда жол кырсыктарынын негизги себептери, жеринде аткарылып жаткан иш-чаралар, кызматкерлердин моралдык-психологиялык абалы жана күжүрмөн даярдыгы боюнча маселелер көтөрүлдү.
Кеңешменин жүрүшүндө ИИМдин ЖКККББи тарабынан берилген тескемелердин жана буйруктардын аткарылышы талданып, орун алган кемчиликтер боюнча жетекчилерге эскертүү берилип, кайдыгерликке жол берилбей турганы белгиленди. Ошондой эле кырсыктарды азайтуу багытында жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып баруу тапшырмасы коюлду.
Ыкчам кеңешменин соңунда жыйынтыктары жакшы жана ак кызмат кылган кызматкерлерге ИИМдин чет өлкөгө барып эс алуу боюнча жолдомосун ыйгарды.