Баткенде жеке ишкерлердин 30 пайыздан ашыгын аялдар түзөт

Аймак 9 март 2026 15:40
648077768_1465117858314998_4602262101728156628_n (1).jpg
649279166_1465117754981675_6556910952874067992_n.jpg
648849486_1465117761648341_1068808805073283492_n.jpg
649669938_1465116998315084_375287705627738375_n.jpg
Алдыга
Артка
648077768_1465117858314998_4602262101728156628_n (1).jpg
649279166_1465117754981675_6556910952874067992_n.jpg
648849486_1465117761648341_1068808805073283492_n.jpg
649669938_1465116998315084_375287705627738375_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сирокко Мессерли менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптар аймактагы миграция маселелери, аялдардын жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жергиликтүү ишкердикти колдоо, саламаттык сактоо, климаттык туруктуулук, ошондой эле социалдык долбоорлор боюнча сүйлөштү.

Облус башчысы өз сөзүндө Швейцария жана Улуу Британия тарабынан каржыланган долбоорлор чакан бизнеске, эмгек мигранттарына жана жаш ишкерлерге чоң колдоо көрсөтүп келерин белгиледи.

"Аялдардын жана жаштардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу негизги багыттарыбыздын бири. Бүгүнкү күндө Баткен облусунда жеке ишкерлердин 30 пайыздан ашыгын аялдар түзөт. Ал эми жарандардын ишкердик демилгелерин колдоо максатында ар кандай гранттык программалар жана окутуу долбоорлору, арзан насыялар ишке ашырылууда”, - деп кошумчалады өкүл.

Жетекчилер кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү үстүндө активдүү аракеттер уланаарына ишеничин билдирип, калктын жашоо-шартын жакшыртуу жана облустун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу негизги максат деп белгилешти.

Белгилей кетсек, Эл аралык миграция уюумунун “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулар үчүн коопсуз миграция” долбоорунун алкагында, Баткен облусунда пилоттук 1+1 программасы, бизнес баштоо жана кеңейтүү багытында долбоорлорду колдоп келет. Долбоордун алкагында эки жылда миграциядан кайткан 28 жаран грант алган.