Баткенде жаңы мектептин курулушунда бир катар кемчиликтер аныкталды

Аймак 2 октябрь 2025 11:25
557417819_18080335370068772_2543084253381230140_n.jpg
557429774_18080335361068772_3853278818647369831_n.jpg
557934729_18080335352068772_8615169381280064069_n.jpg
558774384_18080335340068772_8385634533888693053_n.jpg
Алдыга
Артка
557417819_18080335370068772_2543084253381230140_n.jpg
557429774_18080335361068772_3853278818647369831_n.jpg
557934729_18080335352068772_8615169381280064069_n.jpg
558774384_18080335340068772_8385634533888693053_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Баткенде жаңы мектептин курулушунда кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринин сапатына текшерүү жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында Лейлек районунун Раззаков шаарында курулуп жаткан Д.Жороев атындагы 225 орундуу жаңы мектептин курулушу текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Сапат Строй курулуш" ЖЧКсы тарабынан бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Ошондой эле курулуштун көзөмөлгө алынуучу негизги этаптары тапшырылган эмес. Мындан тышкары, коопсуздук техникалык эрежелери толук аткарылбагандыгы аныкталды.

Натыйжада аталган компанияга башкармалык тарабынан акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Мындан сырткары, протоколдун негизинде айып пул салынды.