Баткенде Жаңы Достук айылына электр энергиясы берилди

Аймак 15 Октябрь 2025 09:05
564215389_1351405116352940_6020460077022148965_n.jpg
564207982_1351405076352944_6007668478669441949_n.jpg
564595380_1351405289686256_4640624419545528661_n.jpg
564721460_1351405169686268_153534984833808157_n.jpg
564728280_1351405406352911_4753472440000706489_n.jpg
565091043_1351405476352904_2168244073426607967_n.jpg
565208774_1351405366352915_582178795982140456_n.jpg
565314636_1351405323019586_7361692946634821026_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Баткен районунун Чет-Булак аймагына курулган Жаңы Достук айылынын курулушу дээрлик аяктады.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, күн мурун айылга толугу менен электр энергиясы берилип, көчөлөр жарыктандырылды.

Аткарылган иштерди президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов жеринен көрдү.

Айылга Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан "Кара-Булак" 35/10 кВ көмөк чордонунан 10 кВ аба чубалгы тартылды.

Калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында, кубаттуулугу 400 кВА болгон 4 даана жаңы көмөк чордону курулуп, ар бир турак үйгө электр эсептегичтер орнотулду.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жыйынтыгында Баткен жана Лейлек райондорунун айрым аймактарынын Тажикстан менен алмашуунун натыйжасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн жаңы турак жай комплексинин курулушу башталган.

Жаңы турак жай аймагына Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым участкаларынын тургундары да жайгашат.

Ал эми Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн жалпы 76 турак жай куруу пландалып, учурда курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда жалпы Баткен жана Лейлек району боюнча 257 үй курулууда.