Баткенде жашы жете электердин коопсуздугу боюнча түнкү рейд өттү

Коом Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 12:25
749161516_1758608818646996_5758243527889600162_n.jpg
746861869_1758608828646995_8852840305598811653_n.jpg
747625446_1758608845313660_3624488378058594000_n.jpg
Алдыга
Артка
749161516_1758608818646996_5758243527889600162_n.jpg
746861869_1758608828646995_8852840305598811653_n.jpg
747625446_1758608845313660_3624488378058594000_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Баткен шаарында жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында түнкү рейд уюштурулду. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда шаардагы сейил бактар, коомдук жайлар, көңүл ачуучу жайлар, соода түйүндөрү жана жарандар көп чогулган аймактар текшерилди.

Анын жүрүшүндө жашы жете электерге жана ата-энелерине балдардын коопсуздугу, мыйзам талаптарын сактоо жана түнкү убакта көзөмөлсүз жүрүүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.