Баткенде тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча тегерек стол өттү

Аймак 6 сентябрь 2025 11:05
542710422_1329922095809088_4462067255901868777_n.jpg
543115183_1329922175809080_2586564833313724720_n.jpg
543426615_1329922135809084_7930380530062513015_n.jpg
543434029_1329922129142418_7938383914551334253_n.jpg
544085767_1329922102475754_3387845960075004701_n.jpg
Алдыга
Артка
542710422_1329922095809088_4462067255901868777_n.jpg
543115183_1329922175809080_2586564833313724720_n.jpg
543426615_1329922135809084_7930380530062513015_n.jpg
543434029_1329922129142418_7938383914551334253_n.jpg
544085767_1329922102475754_3387845960075004701_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 06.09.25. /Кабар/. Баткен шаарында 2023-2027-жылдарга тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашырууга арналган тегерек стол өттү.

Иш-чара президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова тарабынан президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов менен биргеликте өткөрүлдү.

Тегерек столго жергиликтүү бийликтин, эл аралык өнөктөштөрдүн жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү тоолуу аймактарды өнүктүрүү, табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана анын кесепеттерин жумшартуу, тоолуу жамааттардын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана тийиштүү инфраструктура менен камсыз кылуу боюнча Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо үчүн катышты.

Баткен облусун өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоонун алкагында катышуучулар жасалма мөңгүлөрдү түзүү (Баткен облусунда 7 жасалма мөңгү жасалган), сууну үнөмдөөчү заманбап технологияларды колдонуу, анын ичинде облустун бардык үч районунда тамчылатып сугаруу системаларын киргизүү боюнча мисалдар менен бөлүшүштү.

Бул аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле Кайыңды (алма) жана Зардалы (өрүк, жүгөрү, буудай) сыяктуу органикалык аймактарды өнүктүрүүгө, ошондой эле Баткен өрүгүн жана ак-турпак күрүчүн бренд катары алып чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, тегерек үстөлдүн катышуучулары эл аралык маанидеги геологиялык мурастар көрсөтүлгөн Мадыген жаратылыш геопаркына барышты.

Катышуучулар ошондой эле эл аралык уюмдардын линиясы боюнча тоолуу аймактардагы жергиликтүү жамааттарды колдоонун ийгиликтүү долбоорлору катары кондитердик цехке жана кулпунай өстүрүү боюнча айыл чарба кооперативине барышты.