Баткенде тоодон түшө албай калган жаран куткарылды

Аймак 17 апрель 2025 13:31
491042366_1074231544749571_5465769435594051240_n.jpg
491420247_1074231538082905_8266710362202890850_n.jpg
Алдыга
Артка
491042366_1074231544749571_5465769435594051240_n.jpg
491420247_1074231538082905_8266710362202890850_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Баткенде ӨКМ куткаруучулары 61 жаштагы эркек адамдын өмүрүн сактап калышты.

Ведомстводон билдиришкендей, кечээ, 16-апрелде Орозбеков айыл аймагына караштуу Сары-Талаа жайлоосунда тоодон өз алдынча түшө албай калып, жардамга муктаж болгон жаран тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине ӨКМден 5 куткаруучу тартылып, аталган жаранды тоодон аман-эсен түшүрүп беришкен.