Баткенде стратегиялык маанидеги Миң-Өрүк – Самаркандек жолу курулууда

Аймак 9 апрель 2026 11:05
668137586_1489560969204020_7732611890820301987_n (1).jpg
668218159_1489561425870641_5196277748950122320_n.jpg
668750250_1489561412537309_803939180613443827_n.jpg
667870273_1489561329203984_4432581745229550824_n.jpg
669580756_1489561319203985_4088468695011665227_n.jpg
666499516_1489561272537323_6009941058478341772_n.jpg
669816306_1489561125870671_8322518767902747575_n.jpg
666911269_1489561062537344_644404607622191174_n.jpg
667580965_1489561059204011_3072375605132421569_n.jpg
667951626_1489561032537347_3635846250958179017_n.jpg
667982341_1489560939204023_5319510949074623681_n.jpg
668521292_1489560985870685_6790178702422218260_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Баткенде стратегиялык маанидеги Миң-Өрүк – Самаркандек жолу курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Мамыржан Рахимов аталган унаа жолунун курулушунан кабар алды. Рахимов жол куруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жеринде жолугуп, жолдун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана курулушта жаралган маселелерди ыкчам чечүүнү тапшырды.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында, узундугу 3,2 чакырым болгон Миң-Өрүк – Самаркандек унаа жолунун курулушу 2025-жылдын август айында башталган. Долбоор толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланууда.

Курулуш Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызавтожол-түштүк" мамлекеттик ишканасы Кытай мамлекетинин “Хэнань линцзо” жол куруучу компаниясы менен бирге ишке ашырылууда. Курулуш мөөнөтү 3 жыл болуп белгиленген.

Жолдун туурасы 10 метр болуп, асфальт төшөлөт. Долбоор боюнча дарыянын жана жолдун үстүнөн узундугу 266 метр болгон "эстакадалык көпүрөнүн" курулушу каралган. Ошондой эле жол түнкүсүн жарыктандырылат.

Курулуп жаткан жол азыркы пайдаланып жаткан каттамга караганда Лейлекке 3 чакырымга, ал эми Самаркандек айылына 17 чакырымга кыскарат. Бүгүнкү күндө зоону жардырып жол куруу жана көпүрөнүн таянычтарын тургузуу иштери кызуу жүрүп жатат.

Иштин натыйжалуулугу үчүн жеринде бир бетон даярдоочу завод жана бир таш майдалоочу жабдык курулуп, иштеп жатат.