Баткенде стадион, ипотекалык үйлөр жана базардын курулушу уланууда

Аймак 23 Март 2026 14:30
2.jpg
1.jpg
654271425_1476100320550085_7502242421174323956_n.jpg
654428429_1476100227216761_6383920071733047364_n.jpg
654850060_1476100333883417_9096738009605453365_n.jpg
654853725_1476100370550080_3571964306633124872_n.jpg
654985027_1476100203883430_3392397789703121461_n.jpg
655279002_1476100430550074_5208171232813792201_n.jpg
655950554_1476100180550099_4856922531993893287_n.jpg
656247803_1476100233883427_2329772582130613753_n.jpg
656322433_1476100187216765_3064209682878206967_n.jpg
656844088_1476100410550076_8956955317360972898_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Баткенде ири инфраструктуралык объектилердин курулушу уланууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн өкүл Мамыржан Рахимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен шаарында курулуп жаткан бир катар ири инфраструктуралык объектилердин курулуш иштери менен таанышты.

Алгач алар 10 миң орундуу заманбап стадиондун курулушу менен таанышты. Бул стадион аймактагы спортту өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзмөкчү.

1.jpg

Андан соң Чет-Булак кварталындагы муниципалдык базардын курулушу менен таанышты. Заманбап шарттары бар бул долбоор сооданы иретке келтирүүгө жана аймактын экономикасын көтөрүүгө багытталган.

654985027_1476100203883430_3392397789703121461_n.jpg

Ошондой эле МИК тарабынан ишке ашырылып жаткан, калкты жеткиликтүү жана заманбап турак жай менен камсыз кылуучу ири "Асман-1" комплексинин курулушу менен таанышты.

654799559_1476100403883410_8041246692207104928_n.jpg

Рахимов бул курулуштарды өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү маанилүү экенин айтып, долбоорлор Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп, аймактын инфраструктурасын жакшыртууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.