Баткенде Советтик армиянын Афганистандан чыгарылгандыгынын 36 жылдыгы белгиленүүдө

Аймак 16 Сентябрь 2025 13:25
549788215_1326757548817697_2901768697719189105_n.jpg
547258736_1326757775484341_2629740114091784669_n.jpg
547490806_1326757635484355_4764093572516472847_n.jpg
547808052_1326757738817678_6584976628626700728_n.jpg
548098770_1326757695484349_6980733598403351144_n.jpg
548273026_1326757585484360_5373861534651991922_n.jpg
548368287_1326757558817696_6936169391761192053_n.jpg
549403808_1326757665484352_4887701306435325655_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Баткен шаарында Советтик армиянын аскерлеринин Афганистан жергесинен чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата эл аралык иш-чара башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анда Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринен Афган согушунун ардагерлери келип, согушта курман болгон баатырлар эскерилди.

Алар Афган согушунун курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүл коюп, алардын арбагына багыштап куран окушту.

Иш-чаранын расмий бөлүгү Баткен облустук Апаз Жайнаков атындагы облустук драма театрда өттү.

Президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев катышып, облус башчысы Айбек Шаменовдун куттуктоосун жеткирип, сыйлыктарын тапшырды.

"Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген ардагерлердин бүгүнкү жолугушуусу – достуктун, боордоштуктун жана тынчтыкка болгон биргелешкен чакырыктын символу. Бүгүнкү күн – тарыхты эскерүү менен бирге, достукту чыңдоонун күнү", - деди ал.

Белгилей кетсек, алдыда иш-чаранын алкагында ардагерлер спорттун бир канча түрү боюнча мелдешке катышат.