Баткенде шайлоого карата акыркы даярдыктар талкууланды

Шайлоо Загрузка... 26 Ноябрь 2025 09:34
586642971_1385435172949934_5439796436498397895_n.jpg
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Баткенде Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыктар боюнча жыйын өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйын президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилиги астында өтүп, облустук, райондук жана шаардык штабдын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Алгач БШКнын Баткен району жана Баткен шаары боюнча өкүлү Алишер Колдошов акыркы даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө жетекчилик облус активине төмөнкүдөй бир катар тапшырмаларды койду:

  • райондордун, шаарлардын жетекчилерине уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча көмөк көрсөтүп, көзөмөлгө алуу;
  • шайлоо күнү санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө, сасык тумоого байланыштуу эрежелерди сактоо;
  • шайлоо комиссияларына жайларды бөлүү, аларды автотранспорт, материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш менен камсыз кылууга байланышкан маселелерди чечүү;
  • шайлоонун жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо;
  • шайлоо өнөктүгү учурунда үгүт иштерине аралашпоо;
  • аралыктан добуш берүү максатында ачылган имараттарды интернет байланыш жана кошумча электр энергия менен (генератор) менен камсыздоо;
  • шайлоо тилкелерин үзгүлтүксүз электр энергия жана интернет байланышы менен камсыздоо.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда 355 192 шайлоочу, 220 шайлоо участкасы бар.