Баткенде шайлоо участкалары ачылып, добуш берүү башталды

Шайлоо 482 30 Ноябрь 2025 09:45
WhatsApp Image 2025-11-30 at 09.43.32.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-30 at 09.43.31 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-30 at 09.43.32 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-30 at 09.43.32 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-30 at 09.43.31 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-30 at 09.43.31 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-30 at 09.43.31 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-30 at 09.43.31.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бүгүн саат 08:00гө карата Баткен облусундагы бардык шайлоо участкалары ачылып, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, облус башчысы Айбек Шаменов Баткен шаарындагы №8177 шайлоо участогун расмий ачып, шайлоочуларды жарандык жоопкерчилик менен катышууга чакырды. Ал ошондой эле биринчи болуп добуш берди.

Облус боюнча 220 шайлоо участогунун баары ишин толук кандуу баштады. Бардык участоктор материалдык-техникалык жактан камсыздалып, электр энергиясы жана интернет байланышы жеткиликтүү.

Аралыктан добуш берүү үчүн да атайын участоктор уюштурулган. Баткен облусунда жалпысынан 355 миң 192 шайлоочу бар.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.