Баткенде шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 23 сентябрь 2025 17:30
553758481_1332747491552036_4461124697235367632_n.jpg
552221534_1332747681552017_18498679978752029_n.jpg
Алдыга
Артка
553758481_1332747491552036_4461124697235367632_n.jpg
552221534_1332747681552017_18498679978752029_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) жана Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, түшүндүрүү иштеринин негизги максаты — жергиликтүү тургундарга шайлоо өткөрүүнүн жаңы эрежелери тууралуу так маалымат берүү.

Баткен шаарында өткөн жыйынга президенттин облустагы өкүлү Айбек Шаменов, БШКнын өкүлү Мейкинбек Абдалиев, ошондой эле район жана шаар башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты. Жыйында добуш берүү тартиби жана мыйзамдардагы өзгөрүүлөр кеңири түшүндүрүлдү.

Бул түшүндүрүү иштери учурда облустун бардык район-шаарларында улантылууда.