Табигый кырсык: Лейлекте селдин кесепеттерин жоюу күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө

Аймак 25 Май 2026 13:50
705420176_1526643018829148_8371178230466064088_n.jpg
704858814_1526642985495818_4147146753884612972_n.jpg
704702724_1526643002162483_9101782172101554930_n.jpg
705374238_1526642975495819_1275224191392687280_n.jpg
706217490_1526642852162498_2310110381663982014_n.jpg
706488868_1526642905495826_7899942686068748724_n.jpg
706594876_1526642965495820_1111318234896540562_n.jpg
707843579_1526642855495831_1478345824683210582_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Күн мурун нөшөрлүү жаандан соң Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында сел жүргөн. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Баткен районунун аймагындагы сел суулары сайларда өз нугунда агып кеткен. Ал эми Лейлек районунда сел суулары ички жолдорго жана эки турак үйгө зыян келтирген.

Президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев баштаган тиешелүү жетекчилер селден жабыркаган аймактарды жеринен көрүп чыкты.

Алар Коргон, Катыраң, Баул айылдарына баруучу ички жолдорду тазалоо жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, аткаруучуларга ыкчам жана сапаттуу иш алып баруу боюнча тапшырмаларды беришти.

Ошондой эле турак үйлөрдүн жер төлөлөрүнө кирген сууларды сыртка чыгаруу, арык-каналдарды тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда аймакта селдин кесепеттерин жоюу боюнча атайын техникалар тартылып, тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Жолдор ачык, унааларга чектөө жок.