Бишкек, 03.05.26. /Кабар/. Баткенде селден жабыркаган электр тармактарын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, күн мурун, 2-майда жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен саат 19:30 чамасында Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел жүргөн.
Табигый кырсыктын натыйжасында сел суулары айрым турак үйлөргө жана короо-жайларга кирип, Ак-Сай айылындагы 35/10 кВ "Самаркандек" көмөк чордонунан чыккан Самаркандек аба чубалгысында 3 даана электр мамычасын сел алып, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Мындан улам аймактын айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн.
Адистер түнү бою иш алып барып, Самаркандек айыл аймагында үзгүлтүккө учураган электр энергиясы толугу менен калыбына келтирилди.
Учурда Ак-Сай айылында 10 кызматкер, 2 техника күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, сел алып кеткен электр мамычаларын кайра орнотуу, үзүлгөн зымдарды алмаштыруу жана электр тармактарын толук калыбына келтирүү иштерин тынымсыз улантууда.
Тиешелүү кызматтар кырдаалды толук көзөмөлдө кармап, калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө.
Эгерде электр энергиясына байланыштуу суроолор болсо, төмөнкү номерлерге кайрылуу сунушталат:
- Колл-борбору 105;
- 0221 33-36-02- Баткен РЭТ;
- 0772 46-04-01- Сүлүктү РЭТ;
- 0221 55-54-78 -Лейлек РЭТ;
- 0221 55-54-68 -Кадамжай РЭТ;
- 0773 94-07-07- Кызыл-Кыя РЭТ.