Баткенде сел жана суу ташкындарынын алдын алуу боюнча кеңешме өттү

Аймак 27 Март 2025 11:03
486641740_1195859838574136_2929589468919020762_n.jpg
487146526_1195859915240795_2934650214742065574_n.jpg
487172835_1195859985240788_3381403415280734103_n.jpg
487192647_1195860051907448_6610119816255705747_n.jpg
Алдыга
Артка
486641740_1195859838574136_2929589468919020762_n.jpg
487146526_1195859915240795_2934650214742065574_n.jpg
487172835_1195859985240788_3381403415280734103_n.jpg
487192647_1195860051907448_6610119816255705747_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилиги астында сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча жыйын өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, дыйында өкүл тийиштүү адистердин ушул багытта аткарып жаткан иштери боюнча маалыматын укту.

Ага ылайык, учурда облус аймагында сел жүрүүчү сайлардын ичин тазалоо, селдин нугун түздөө, жээктерин бекемдөө жумуштары аткарылуула. Бүгүнкү күндө сел, жер көчкү, таш кулоо кооптуулугу бар тилкелерде 305 үй-бүлө жашап келүүдө.

Табигат кырсыктарынын алдын алуу максатында ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгы жана райондук, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү тарабынан жарандарга эскертүүлөр берилүүдө.

Облус башчысы өз сөзүндө төмөндөгүдөй талаптарды койду:

  • ӨКМдин аймактык бөлүмдөрү менен жергиликтүү бийлик органдары табигат кырсыктарын алдын алууда биргеликте, тыгыз иш алып баруу;
  • кооптуу тилкелерде жашаган жарандарды, убактылуу жана биротоло көчүрүү иш-чараларын жүргүзүү;
  • атайын комиссия түзүү менен дарыялардын жана сел агуучу сайлардын жээктерине өз билемдик менен курулуш курган, бак-дарак тиккен жарандар менен иш алып баруу;
  • сугат арыктары менен каналдарды тазалоо иш-чараларын активдүү жүргүзүү.