Баткенде сейрек кездешүүчү кыргый жаратылышка кое берилди

Коом 13 январь 2026 16:20
615733587_873993515253779_1883197122811290605_n (1).jpg
615554710_873993335253797_2221207065037577192_n.jpg
615750726_873993665253764_7610854614374221504_n.jpg
615874872_873993331920464_810147251840788601_n.jpg
616118054_873993511920446_5263944199644342454_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Баткенде айылга түшүп келген кыргый кайра жаратылышка учурулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Министрликтин Баткен аймактык башкармалыгынын кызматкерлери айылга түшүп келген кыргыйды тиешелүү адистин кароосунан өткөрүп, кайра жаратылышка учурушту.

Кыргый — шумкар сымалдар тукумуна кирген күчтүү, сары баштуу жапайы куш. Ал негизинен тоолуу жана токойлуу аймактарда жашайт. Кыргызстанда бул куш сейрек кездешүүчү түр катары эсептелет.

Министрлик жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо жана алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирүү Кыргызстандын аймагында мыйзам менен тыюу салынганын эскертип, табиятты коргоо ар бир жарандын милдети экенин белгилейт.