Баткенде "Самат" көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулатылды

Коом 15 сентябрь 2025 13:22
f71878ac-1524-446e-ab70-4d1423e94e16.jpeg
f8144abd-e03f-4d93-b1a6-285b1bb3df3f.jpeg
cd1b76a3-5f72-4de8-a741-b6589d0c7294.jpeg
78100279-8dc9-4353-b4df-5f7db40cc423.jpeg
37d48f7b-5406-45f0-bb7d-536c9db5c0cf.jpeg
8c7dca4f-05ce-40ab-893b-179126c2dc04.jpeg
7a96d1ec-a927-4bdf-a1f7-7dc259033a89.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Баткенде "Самат" көмөк чордонунун кубаттуулугу 40 000 кВАга  жогорулатылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Буга чейин министр Таалайбек Ибраев Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын керектөөчүлөрүнө электр энергиясын берүүдө маанилүү роль ойногон "Самат" көмөк чордонунун кубаттуулугун жогорулатууну тапшырган.

Бул тапшырма 2025-жылга карата капиталдык курулуш жана реконструкциялоо программасына киргизилип, учурда Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда.

1979-жылы курулуп, 2012-жылы реконструкцияланган 110/35/10 кВ "Самат" көмөк чордонунда мурда 16 000 кВА кубаттуулуктагы күч трансформатору колдонулуп келген.

"Учурда ал кубаттуулугу 40 000 кВА болгон жаңы, заманбап күч трансформаторуна алмаштырылып, көмөк чордондун техникалык мүмкүнчүлүктөрү олуттуу түрдө кеңейтилди", - деп айтылат маалыматта.