Баткенде ооруканалар курулуп, унаалар менен камсыздалууда

Президент 12 октябрь 2026 17:15
Баткенде ооруканалар курулуп, унаалар менен камсыздалууда
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Баткен районунун Ак-Татыр аймагында 50 орундуу оорукананын, облус борборунда 75 орундуу балдар ооруканасынын жана перинаталдык борбордун курулуштары жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, облус боюнча бир катар айылдарда республикалык бюджеттин жана башка каржы булактарынын эсебинен ФАПтар курулуп, оңдоп-түзөөдөн өтүп жана жабдуулар менен камсыздалып, элдин кызматында иштеп жатат.

“Быйылкы жылы тармактык министрлик тарабынан Баткен облустук 9 саламаттыкты сактоо мекемесине 10 даана авто унаа, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бир адистештирилген унаа берилди”, - деди президент.