Баткенде облусту өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу маселеси каралды

Аймак 969 13 Январь 2026 17:00
615154479_1419875982839186_2813076250317709071_n.jpg
614598905_1419875882839196_5879688787821042794_n.jpg
615150522_1419875806172537_1556863411724365709_n.jpg
615172151_1419875849505866_529288832215200276_n.jpg
Алдыга
Артка
615154479_1419875982839186_2813076250317709071_n.jpg
614598905_1419875882839196_5879688787821042794_n.jpg
615150522_1419875806172537_1556863411724365709_n.jpg
615172151_1419875849505866_529288832215200276_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов район, шаар башчыларынын катышуусунда өткөн жыйын облусту өнүктүрүү жолундагы иш пландарды биргелешип ишке ашыруу максатын көздөдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус жетекчиси аймактагы көйгөйлөрдү чечүү, элдин социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү багытында бир катар тапшырмаларды койду.

Алсак:

  • электр энергиясын туура, максаттуу пайдалануу,
  • элди көмүр менен камсыздоо иштерин анализдөө,
  • жерлерди инвентаризациялоо,
  • жер мунапысын аяктоо,
  • чоң базарларды иретке келтирүү,
  • Кызыл-Кыя жана Баткен шаарындагы базарлардын курулушу жана Баткен автобекети боюнча маселени чечүү,
  • жол кырсыгынын алдын алуу боюнча натыйжалуу иш алып баруу,
  • мамлекеттик органдардын кадрлар резервин түзүү боюнча сынактарга активдүү катышуу.

Ошондой эле жыйында Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомду максаттуу пайдалануу, социалдык контракт долбоорун ишке ашырууда мыйзам чегинде иш алып баруу, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, предметтик олимпиадаларынын жакшы натыйжасы үчүн шарттарды түзүү маселелери да каралып, тийиштүү тапшырмалар берилди.