Баткенде немец технологиясы менен уникалдуу бетон заводу курулууда

Коом Загрузка... 30 Май 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. 2025-жылдын аягында Баткен облусунун Кадамжай районунун Жеңиш айылында уникалдуу автоклавдуу газобетон чыгаруучу завод ишке кирет. Бул тууралуу "Халмион Пром" ЖЧК ишканасынын директору Замирбек Орозбаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул завод Кыргызстанда биринчи болуп немис технологиясы менен жогорку сапаттагы автоклавдуу газобетон чыгарат.

“Бул Кыргызстанда биринчи жолу немис технологиясы менен курулуп жаткан уникалдуу завод. Алгач завод курууда 5 гектар жер бөлүнүп, кийин жетишпей дагы 8 гектар жер алдык. Заводго 2022-жылы октябрь айында капсула салынып, негизги курулуш иштери 2023-жылы башталган. Жабдууларды алуу үчүн Германия, Түркияга өлкөлөрүнө буйрутма берилген. Алгач завод куруудагы бюджет 14 млн доллар болгон, азыр 17,5 – 18 млн долларга көтөрүлүп кетти. Учурда 14 - 17 млн долларга жакын каражатты инвестиция кылдык. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 9 млн доллар насыя алып, анын 8 миллиону өздөштүрүлүп, 1 млн каражаты алына элек. “Элдик Банк” каржылык өнөктөш катары колдоо көрсөтүүдө”, - деди Орозбаев.

Белгилей кетсек, аталган заводдун өзгөчөлүгү өндүрүштөн калдык чыкпай 100 пайыз иштетилип, экологияга зыяны жок. Өндүрүлгөн автоклавдуу газобетон сапаты менен айырмаланып, турак-жай курууда жылуу жана жеңил болот. Жеңил болгондуктан, жер титирөөгө туруктуу имараттарды курууга ыңгайлуу. Мындай технология менен иштеген заводдор Россияда 100дөн ашык, Казакстан менен Өзбекстанда 10дон, ал эми Кытайда 2 миңден ашык экенин ишкананын жетекчиси маалымдады.

“Заводдо учурда 55-60 пайыз курулуш иштери бүткөн. Жабдыктар 90 пайыз келген. Түркия, Кытайда турган айрым жабдыктарды алып келүү менен жылдын аягына чейин заводду ишке беребиз. Завод үчүн чийки зат ошол эле Кадамжайдын Кан айылынан ташылат. Ал эми өндүрүлгөн продукция Кыргызстан боюнча сатылмакчы. Экспорт катары автоклавдуу газобетон Тажикстанга чыгышы мүмкүн бирок, негизинен ички рынокко иштейт. Биринчилерден болуп Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын газобетон менен камсыздайбыз. Учурда Өзбекстандын 3-4 заводу ушул газобетонду өлкөгө алып келип сатып жатат. Биз өндүрүштү ишке берүү менен бул импорттун ордун жабышыбыз керек”, - дейт ишкана жетекчиси.

Белгилүү болгондой, автоклавдуу газобетон жеке жана көп кабаттуу үйлөрдү, социалдык объектилерди курууга ыңгайлуу. Кышкысын жылуулукту кармап, отунду үнөмдүү колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Заводдун продукциясы дүйнөлүк стандарттарга жооп берип, ал эми материалдын өзү кирпичке альтернатива боло алат. Эксперттер газобетондун ысыкка туруктуулугун, экологиялык жактан тазалыгын жана баасынын арзандыгын артыкчылык катары белгилешет. Өлкөдө курулуш кызуу жүрүп жаткан азыркы учурда мындай заманбап технология менен даярдалган курулуш материалдарына суроо-талап жогору.

Бирок, ишкана жетекчиси учурда ишке каржы маселеси тоскоолдук жаратып жатканын кошумчалады. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 10 жылга алынган насыянын жеңилдетилген 2 жыл мөөнөтү аяктап, негизги сумманы төлөө убактысы өтүүдө. Заводдун жабдыктарын алуучу Германиядагы завод банкрот болгондугуна байланыштуу пландалгандай жабдыктар 3 айда эмес, 9,5 айда келген. Натыйжада долбоордун иштери кечигип, насыяны төлөө мөөнөтү келип калган. Учурда өкмөт тарабынан бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, маселени чечүү багытында иштер жүрүп жаткандыгы кошумчаланды. Андан тышкары, ишкана жетекчиси заводду электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо ишке аша электигин кошумчалады.

Маалымат үчүн: "Халмион Пром" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан автоклавдуу газобетон чыгаруучу заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу биринчи этапта суткасына 600 м³ болсо, жылына 180 миң м³ чыгарат. Мында 60тан 150гө чейин адамды иш менен камсыз кылат. Кийин өндүрүш суткасына 1200 м³ болуп, жылына 360 миң м³ газобетон чыгармакчы.