Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Баткен шаарында тиешелүү уруксат кагаздары жок курулуп жаткан ири коммерциялык объект аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен шаары, М. Сейдалиев көчөсү, 15 дарегиндеги курулуш эч кандай уруксат берүүчү документтери жок башталган жана Бирдиктүү мамлекеттик курулуштар реестрине катталган эмес.
Мыйзам бузуулар үчүн курулуш ээси И.С.И. аттуу жаранга протокол түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 10 миң сом айып пул салынды. Имараттын курулуш-монтаждоо иштери кемчиликтер толук жоюлганга чейин токтотулду.