Баткенде муниципалдык эт дүкөндөрүн ачуу тапшырмасы берилди

Аймак 18 Август 2025 14:14
L_height.webp
536269140_1303991974427588_3832745537255753187_n.jpg
536544700_1303992037760915_6095582534418642657_n.jpg
Алдыга
Артка
L_height.webp
536269140_1303991974427588_3832745537255753187_n.jpg
536544700_1303992037760915_6095582534418642657_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 18.08.25. /Кабар/. Баткен шаарына муниципалдык эт дүкөндөрүн ачуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлдүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Баткен шаарынын жана бардык тийиштүү облустук мекеме ишканалардын жетекчилери менен жыйын өтүп, эттин баасын туруктуу кармоо жана калкты эт менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча тапшырмаларды койду.

Муктаждыкка жараша Баткен шаардык мэриясына муниципалдык эт дүкөндөрүн уюштуруу жана ишке киргизүү боюнча тапшырма берди.

Белгилей кетсек, өлкөдө 11-августтан тарта эттин баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Мындай чечим баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн эт азыктарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, эттин баасы:

  • Баткен шаары жана Баткен районунда 1 кг уйдун эти 670 сом, койдун эти 680 сом;
  • Кызыл-Кыя шаарында 650-680 сом;
  • Кадамжай районунда 670-680 сом;
  • Лейлек районунда 650-680 сом;
  • Сүлүктү шаарында 650-680 сом болуп бекитилген.