Баткенде Мекеним “1+1” пилоттук программасынын алкагында 11 адам грант алды

Аймак 01 Октябрь 2025 10:44
558860953_1339232934236825_4455452547689688090_n.jpg
557763100_1339232584236860_6439846920641716013_n.jpg
556700206_1339232670903518_8025702617556624524_n.jpg
557630028_1339232730903512_818971616468293300_n.jpg
Алдыга
Артка
558860953_1339232934236825_4455452547689688090_n.jpg
557763100_1339232584236860_6439846920641716013_n.jpg
556700206_1339232670903518_8025702617556624524_n.jpg
557630028_1339232730903512_818971616468293300_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Баткенде Мекеним “1+1” пилоттук программасынын алкагында 11 адам грант алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Эл аралык миграция уюумунун “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулар үчүн коопсуз миграция” долбоору Баткен облусунда пилоттук 1+1 программасы боюнча бизнес баштоо жана кеңейтүү багытында демилгелерди колдоп келет.

Бул багытта аткарылып жаткан иштерди байкоо, демилгелерди өнүктүрүү максатында Баткен шаарында атайын жыйын өтүп, мыкты долбоорлор тандалды.

Ага ылайык, Улуу Британиядагы Сезондук жумушчулар программасы аркылуу иштеп келген Баткендин жашоочуларына, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жеке бизнесин баштоого же кеңейтүүгө грант берилди.

Буга чейин миграциядан кайткан 27 жаранга грант берилсе, бул ирет 11 адам алды.

Мындай колдоо чет мамлекеттерде миграцияда жүрүп, мекенине кайткан жарандарды туруктуу жумуш орду менен камсыздап, мекенинде киреше табуу менен аймактын социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу аракеттерине өбөлгө түзөт.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, учурда облустун 37 миңдей тургуну ички жана сырткы миграцияда жүрөт. Мындан улам Эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен Баткенде Молдованын мигранттарды мекенине кайтаруу боюнча тажрыйбасы ишке ашырылууда.