Баткенде Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди

Аймак 3 март 2026 11:55
645939791_1460621975431253_3527418814636842192_n.jpg
645414717_1460621932097924_4278471569113278699_n.jpg
642785324_1460621872097930_7367524290547292746_n.jpg
644220529_1460621845431266_398981807927100808_n.jpg
642789695_1460621825431268_4610351289959927529_n.jpg
642755128_1460621905431260_1884227882382284913_n.jpg
644889788_1460621852097932_743982895362734001_n.jpg
645397029_1460621965431254_6874778070317554442_n.jpg
645402501_1460621815431269_6048031389291667720_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Бүгүн эртең менен Баткен шаарында 3-март - Мамлекеттик туу күнү жана 5-март - Ак калпак күнүнө арналган иш чара өттү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ак калпак кийип, колдоруна туу көтөргөн жаштар шаардын борбордук көчөлөрүндө жөө жүрүш жасашты.

Салтанаттын расмий бөлүгүндө облус башчысы Айбек Шаменов жалпы облус калкын куттуктады.

Өкүл өз сөзүндө “мамлекеттик туубуз элибиздин тарыхын, маданиятын жана келечекке болгон ишенимин айгинелеп турат. Ал эми ак калпак ата-бабаларыбыздан калган улуу мурас катары, акылмандыктын, тазалыктын жана намыстын белгиси болуп саналат. Бул майрамдар ар бирибизди мекенчилдикке, биримдикке жана улуттук баалуулуктарды сактоого чакырат. Биз ыйык туубуздун алдында биригип, ак калпагыбызды бийик тутуп, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн талыкпай эмгектене берели” деп белгиледи.

Майрамдык иш-ара жергиликтүү таланттардын ыр-бийлери менен коштолду.