Баткенде мамкызматкерлерге жол эрежесинин жаңы тартиби боюнча маалымат берилди

Аймак 23 Апрель 2025 11:05
491951689_1215437619949691_7331820625543650753_n.jpg
491942593_1215437749949678_8854221662493010174_n.jpg
491951447_1215437709949682_8077190984130799650_n.jpg
491993611_1215437586616361_7791992598717471838_n.jpg
491999736_1215437629949690_9101280437792409224_n.jpg
Алдыга
Артка
491951689_1215437619949691_7331820625543650753_n.jpg
491942593_1215437749949678_8854221662493010174_n.jpg
491951447_1215437709949682_8077190984130799650_n.jpg
491993611_1215437586616361_7791992598717471838_n.jpg
491999736_1215437629949690_9101280437792409224_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Баткенде мамлекеттик кызматкерлерге жол эрежесинин жаңы тартиби боюнча маалымат берилди. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарада Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын эрежелери боюнча кеңири маалымат беришти.

Жыйынга президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев катышып, кызматкерлерди жол кырсыктарын болтурбоого салым кошууга чакырды.

Адистердин айтымында, жаңы тартип күчүнө кирген күндөн тартып жол эрежелерин одоно бузган айдоочулар жол инспекторлору тарабынан токтотулуп, суралат.

Учурда айдоочуларды сурамжылоо тартиби комиссия тарабынан иштелүүдө.

Жаңы тартиптин максаты - айдоочулардын жол эрежерели бобнча жоопкерчилигин жана маалымдуулугун жогорулатуу, жол кырсыктарын алдын алуу менен адам өмүрүн сактоо.

Белгилей кетсек, КР президентинин 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сурамжылоо аркылуу билүүсү боюнча көрсөтмөсүнүн негизинде мамлекеттик кызматкерлердин арасында алдын ала түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.