Бишкек, 16.10.26 /Кабар/. Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып жарандардын соттогу кызыкчылыгын коргогон юридикалык өкүлдөр үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мыйзам өлкөдөгү юридикалык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган.
"Анын негизги максаты – жарандарды шылуундардан коргоо жана сот иштерин жүргүзүүнү квалификациялуу адистерге тапшыруу", - деп айтылат маалыматта.
Жаңы тартипке ылайык, сотто өкүл болууну каалаган юристтер жогорку юридикалык билимге, адистиги боюнча кеминде бир жылдык иш стажына ээ болуп, 80 академиялык сааттан кем эмес атайын окуудан өтүшү керек. Ошондой эле алар Юридикалык өкүлдөрдүн бирдиктүү реестрине кирүүгө тийиш.
Мыйзамда компаниялардын штаттык юристтери үчүн өзгөчөлүктөр каралган. Алар өз иш берүүчүлөрүнүн кызыкчылыгын сотто коргоону уланта алышат. Юристтер жетишсиз болгон аймактарда талаптарды убактылуу жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү да каралган.
Реестрге кирүү үчүн окуудан өтүүнү каалаган юристтердин арыздары 2026-жылдын октябрынан тартып кабыл алына баштайт. Окуунун тартиби жана документтерди тапшыруу жол-жобосу боюнча кошумча маалымат берилет.