Кыргызстанда санэпидкөзөмөл жүргүзүүнүн жаңы тартиби бекитилди. Кандай артыкчылык берет

Ден соолук Загрузка... 10 Февраль 2025 20:56
WhatsApp Image 2025-02-10 at 17.54.25.jpeg

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда ар кандай иш-аракеттерди бир документке бириктирген мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн жаңы тартиби кабыл алынды. Бул ишкерлердин жана жарандардын түйшүгүн жеңилдетип, кызматтарды алуу жана экспертизадан өтүү боюнча так эрежелерди камсыз кылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин директорунун орун басары Чолпон Шамсутдин билдирди.

Анын айтымында, мурда ар кандай документтер болуп, бир документте бардык керектүү материалдар болгон эмес. Мисалы иштерди иликтөө, экспертизалар жана башка маселелер боюнча бардык иштер бир документке бириктирилген эмес.

"Эми ушул документтин негизинде өз ишмердүүлүгүбүздү жүргүзөбүз. Мурда иликтөөлөр бир нече документтердин жана токтомдордун негизинде жүргүзүлсө, азыр биздин иштин 70 пайызы бирдиктүү документке карата багытталган", - деди ал.

Ошондой эле Чолпон Шамсутдин жаңы документте кызматтарга кантип кайрылуу керектиги жазылганын белгиледи. Кызматты алгысы келгендердин бардыгы ушул документке кайрыла алышат.

"Ишкерлер үчүн жеңилдик болуп, биздин мекеме тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын тартиби эми бир документке топтолду. Буга чейин массалык уулануу учурларын иликтөө, радиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана электромагниттик нурланууну өлчөө сыяктуу кызматтар ар кандай документтерде болуп келсе, азыр бардыгы бир документке чогултулган", - деп белгиледи Чолпон Шамсутдин.

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуучу объектилерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө жана сыноолор жөнүндө чечимге кол койгон.

Документ объектилерге, товарларга, азык-түлүк сырьелоруна жана кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин белгилейт. Ошондой эле мамлекеттик органдын бул жааттагы ыйгарым укуктарын, мамлекеттик органдар чыгарган актыларды жана алардын компетенттүүлүгүнүн чегинде көрүлүүчү чараларды аныктайт.