Ташкент, 23.04.25. /Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда үйлөнүү тойлору, тажиялар жана үй-бүлөлүк салтанаттарды тартипке салуу боюнча жаңы токтом даярдоону тапшырды, деп билдирет расмий Lex.uz сайты.
Негизги максат — жаштар арасында үнөмдүүлүк маданиятын калыптандыруу жана ашыкча чыгымдарга чек коюу. Бул үчүн бийлик социалдык видеолор, кыска тасмалар, телеберүүлөр жана подкасттар аркылуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көздөөдө.
Өзбекстанда мындай аракеттер биринчи жолу болуп жаткан жок. 2020-жылы тойлорду бир күн менен чектеп, коноктордун санын 200дөн ашырбоо талап кылынган. Ошондой эле нике тоюн өткөрүү үчүн үчтөн ашпаган унаа колдонулушу керек экендиги белгиленген. Мындан тышкары, артисттер жана залдын ээлери менен расмий келишим түзүү милдеттүү деп көрсөтүлгөн.
Эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөө акимчиликтерге, ички иштер жана салык органдарына жүктөлгөн. Бирок иш жүзүндө бул талаптар көп учурда сакталбай келет.
2020-жылдан бери бул багытта миңдеген тойлор өткөрүлгөнү менен, эрежелердин бузулушу боюнча өтө аз иш каралган. Маселен, 2024-жылы болгону 9 иш катталган.
Жаңы документ августка чейин иштелип чыгып, Олий Мажлистин (парламенттин) кароосуна коюлат. Бул иштер 5-мартта өткөн Коррупцияга каршы улуттук кеңештин жыйынында берилген тапшырмалардын алкагында аткарылууда.
Серепчилердин айтымында, бул жолу өкмөт маселеге формалдуу эмес, натыйжага багытталган мамиле жасоону көздөөдө. Салттуу жөрөлгөлөрдү ашыкча чыгымсыз, жөнөкөйлүк менен өткөрүүгө коомду багыттоо негизги милдет катары белгиленүүдө.