Баткенде “Кыялымдагы Кыргызстан” аттуу эл аралык туристтик форум-фестивалы башталды

Аймак 23 Май 2026 16:22
IMG_3267.jpeg
IMG_3287.jpeg
IMG_3288.jpeg
IMG_3289.jpeg
IMG_3284.jpeg
IMG_3285.jpeg
IMG_3286.jpeg
IMG_3281.jpeg
IMG_3282.jpeg
IMG_3283.jpeg
IMG_3278.jpeg
IMG_3279.jpeg
IMG_3280.jpeg
IMG_3275.jpeg
IMG_3276.jpeg
IMG_3277.jpeg
IMG_3272.jpeg
IMG_3273.jpeg
IMG_3274.jpeg
IMG_3269.jpeg
IMG_3270.jpeg
IMG_3271.jpeg
IMG_3268.jpeg
IMG_3266.jpeg
IMG_3265.jpeg
IMG_3264.jpeg
IMG_3263.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3267.jpeg
IMG_3287.jpeg
IMG_3288.jpeg
IMG_3289.jpeg
IMG_3284.jpeg
IMG_3285.jpeg
IMG_3286.jpeg
IMG_3281.jpeg
IMG_3282.jpeg
IMG_3283.jpeg
IMG_3278.jpeg
IMG_3279.jpeg
IMG_3280.jpeg
IMG_3275.jpeg
IMG_3276.jpeg
IMG_3277.jpeg
IMG_3272.jpeg
IMG_3273.jpeg
IMG_3274.jpeg
IMG_3269.jpeg
IMG_3270.jpeg
IMG_3271.jpeg
IMG_3268.jpeg
IMG_3266.jpeg
IMG_3265.jpeg
IMG_3264.jpeg
IMG_3263.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай шаарында “Кыялымдагы Кыргызстан: Жаштардын достугу, ынтымагы жана кызматташтыгы” аттуу эл аралык туристтик форум-фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чара Кадамжай шаарындагы туу көтөрүү аземи менен башталды. Ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу жана өлкө аймагынан келген 100 жаш лидер катышты.

Андан соң расмий делегация борбордук стадиондо Өзбекстан жана Тажикстандан келген коноктор менен бирге IV Килем фестивалы, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукцияларынын жарманкеси менен таанышышты. Ошондой эле жаш ойлоп табуучулардын “Технофест” иш-чарасына катышышты.

Форумдун расмий ачылышында Мамыржан Рахимов бул иш-чара ар кыл улуттун жаштарын бириктирген достуктун аянтчасы болорун белгиледи. Куттуктоо сөзү менен Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова жана район акими Болоткан Баяке уулу да чыгышты.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында буга чейин Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарларында футбол, волейбол боюнча спорттук мелдештер, жаш ишкерлер үчүн бизнес-форум жана “Акылман ордо” интеллектуалдык оюну өткөн. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө 2000дей айым катышкан чуркоо марафону уюштурулду.

Иш-чара БУУнун Тынчтык куруу фондунун жана Эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен өткөрүлүп жатат. Майрамдык салтанат гала-концерт менен уланат.