Баткенде кудукка түшүп кеткен жаран куткарылды

Кырсык 7 апрель 2026 09:32
Баткенде кудукка түшүп кеткен жаран куткарылды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Күн мурун Баткен шаарынын 8-Март көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өз короосундагы суу кудугуна түшүп кеткен 65 жаштагы жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

ӨКМге бул тууралуу билдирүү саат 16:44тө келип түшкөн. Окуя болгон жерге Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылган.

Алардын ыкчам аракетинин натыйжасында саат 16:49да аталган жаран кудуктан чыгарылып,тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берилген.