Бишкек, 02.06.2025. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан Кожо-Кайыр ирригациялык каналынын курулуш иштери толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Кожо-Кайыр каналы 1965-жылы курулуп, көп жылдан бери аймактагы айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздап келет. Суу системасы сууну Исфайрам-Сай дарыясынан алып, башкы суу алуучу курулма аркылуу секундуна 9 м³ өлчөмүндө агып өтөт. Бул канал аркылуу жалпы 6300 гектарга жакын сугат жер, жана 4600дөн ашык фермер, үч Суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) тейленет.
Кожо-Кайыр каналынын жаңыланган түрдө пайдаланууга берилиши Кадамжай районунун агрардык секторунун суу менен камсыздалышын кыйла жакшыртат, суу жоготууларды азайтып, суу тартыштыгы шартындагы айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», - деп белгиледи суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Нурлан Жумаев.