Баткенде коңшу өлкөдөн дары-дармектер мыйзамсыз ташылып келгени аныкталды

Укук тартиби 11 ноябрь 2025 09:20
579310384_25237524512536051_2175936883264556348_n.jpg
579418066_25237524542536048_5813947349663099233_n.jpg
580077736_1175651978087031_6624925866155430111_n.jpg
580865499_25237524085869427_3074923580897614833_n.jpg
580939145_25237524342536068_1369061519227213397_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Баткен облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Баткенде дары каражаттарын мыйзамсыз ташуу фактысы боюнча 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районун 38 жаштагы тургуну И.Л. кошуна мамлекеттин Абдумалик аттуу жараны менен алдын ала сүйлөшүп, нейтралдуу аймак аркылуу дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүп, Ош шаарына жеткирүүнү макулдашкан.

29-октябрында И.Л. дары каражаттарын Toyota Estima унаасына жүктөп бара жаткан учурда "Развилка" көзөмөл-өткөрүү пунктунда милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Жүктү текшерүү маалында баасы 3 млн сомдук дары каражаттары табылып, алардын айрымдары Кыргызстандын аймагында каттоодон өтпөгөнү жана сапат баалоо процедурасынан өтпөгөнү аныкталган.

Бул факты боюнча И.Л. "Экономикалык контрабанда" беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.