Баткенде коопсуздукту сактабаган курулушка 200 миң сом айып салынды

Аймак 14 Октябрь 2025 13:20
563115745_18081621083068772_1251111842394275390_n.jpg
563971587_18081621092068772_4415203744050076612_n.jpg
564753581_18081621071068772_309381367674404696_n.jpg
Алдыга
Артка
563115745_18081621083068772_1251111842394275390_n.jpg
563971587_18081621092068772_4415203744050076612_n.jpg
564753581_18081621071068772_309381367674404696_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Баткенде техникалык коопсуздукту сактабаган курулушкан айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндө жайгашкан “Элит Грант” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан объект текшерилди. Текшерүү учурунда объектинин коопсуздук техникасы боюнча талаптар сакталбагандыгы аныкталды.

Натыйжада "Элит Грант" ЖЧКсына карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.