Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Баткен шаарынын Чет-Булак өнөр жай аймагында курулган асфальт-бетон чыгаруучу завод быйыл август айынын аягында ишке берилет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине аталган ишкананын жетекчиси Тынчтыкбек Курбанбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда заводдун курулуш иштери толугу менен аяктап, ишке берүүгө даяр. Тесттик режимде иштетилип, өндүрүштө сыноо иштери жүргүзүлүүдө.

“Асфальт өндүрүүчү заводду курууга мамлекет тарабынан 3 гектар жер бөлүнүп берилген. Жалпысынан курулуш иштерине, ишке берүүгө чейин 45 млн сом өздүк акча каражатыбыз жумшалды. Чийки зат катары ишканага керектүү материал заводго жакын жердеги Кургак-Сай сайынан алынат. Жабдыктар, керектүү техника Кытайдан алынган. Негизинен өндүрүлгөн асфальт Баткен облусунун ички керектөөсүнө, жолдорду оңдоого колдонулат. Объектти курууга жана пайдаланууга берүүгө уруксат берүүчү документтер учурда толугу менен бүткөрүлгөн”,- деди Курбанбеков.

Ошондой эле завод бир күндө 1000 тонна асфальт-бетон чыгаруу кубаттуулукка ээ экендигин Тынчтыкбек Курбанбеков өз сөзүндө белгиледи. Ал эми өндүрүш ишке кирсе жергиликтүү 20-30 тургун иш менен камсыз болмокчу.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү да учурда ишкана бардык керектүү, заманбап жабдуулар менен жабдылып, асфальт жана шагыл чыгарууга толук даяр экендигин маалымдады.

“Заводдун иши толугу менен автоматташтырылган. Адистер чоң техникаларды компьютер менен башкарат. Жалпы 30га жакын адам жумуш менен камсыз болууда. Ири өндүрүш ишканасын куруу үчүн шаардык мэрия 3 гектар жер аянтын бөлүп берген. Заводдун курулушу менен Баткен облусундагы автожолдорду куруудагы асфальтка болгон муктаждык дээрлик жеңилдейт. Буга чейин облуста бир гана мамлекеттик асфальт заводу иштеп келген”,- деп белгилешти өкүлчүлүктөн.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинети быйыл ишке бериле турган объекттердин тизмесин бекиткен. Аталган тизмеге ылайык, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, тоо-кен, фармацевтика тармагындагы жалпы 134 объект үстүбүздөгү жылы ишке берилмекчи.
Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын башкы адиси Талантбек Карасартов билдиргендей, 134 объекттинин ичинен Баткен облусунда быйыл 13 долбоор ишке ашырылат, мында инвестициянын жалпы көлөмү 4 млрд 193,4 млн сомду түзөт.
Бул ишканалардын ачылышы менен облусту өнүктүрүүгө, социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга шарт түзүлүп, жергиликтүү тургундарга кошумча иш орундары түзүлмөкчү.