Баткенде Кан – Тунук-Суу – Сары-Талаа жолу асфальтталууда

Аймак 20 Июнь 2026 18:00
FB_IMG_1781959046716.jpg
FB_IMG_1781959044242.jpg
FB_IMG_1781959049113.jpg
FB_IMG_1781959051243.jpg
FB_IMG_1781959055124.jpg
FB_IMG_1781959057750.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1781959046716.jpg
FB_IMG_1781959044242.jpg
FB_IMG_1781959049113.jpg
FB_IMG_1781959051243.jpg
FB_IMG_1781959055124.jpg
FB_IMG_1781959057750.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 20.06.26. /Кабар/. Баткенде Кан – Тунук-Суу – Сары-Талаа жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлө баштады. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жол каттаган Баткен районунун Кан, Тунук-Суу, Сары-Талаа айылдарында 3 миңден ашык тургун жашайт.

Андан ары бул жол Сары-Талаа – Зардалы жолуна туташат.

Белгилей кетсек, быйыл облус боюнча 203 чакырым жолду асфальттоо пландалган.

"Ал эми жалпы планга кирген жолдун узундугу 545 чакырымды түзөт. Мунун ичинде быйыл жана келерки жылдарда жасала турган шагыл жолдор да бар",-деп айтылат маалыматта.