Баткенде инвестициялык семинар өттү: Ишкерлерге кандай колдоолор көрсөтүлөт?

Аймак 09 Июнь 2026 17:30
1.jpg
719873856_1300157585639490_5495607604469191586_n.jpg
719942001_1300157152306200_6471219749099007341_n.jpg
719974623_1300157425639506_5046625710736337360_n.jpg
720074711_1300157758972806_5351863005184509142_n.jpg
720147557_1300157472306168_1972343230404316469_n.jpg
720166829_1300157145639534_8809001930127616003_n.jpg
720290470_1300157258972856_7171437648749521324_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Бүгүн Баткен шаарында "Инвестициялык вектор: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүү" аттуу аймактык семинар башталды.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, семинар аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга багытталган.

Президент Садыр Жапаровдун аймактардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу тапшырмасынын алкагында уюштурулган бул иш-чара БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан колдоого алынды.

Иш-чаранын башкы максаты Баткен облусунун бизнес-чөйрөсүн колдоо, инвесторлор үчүн заманбап мамлекеттик жеңилдиктерди тааныштыруу жана жергиликтүү ишкерлер менен мамлекеттин ортосундагы түз кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.

Семинарда жакын арада кубаттуу курал катары «Инвестициялар» автоматташтырылган жаңы маалыматтык тутуму ишке киргизилери айтылды. Мындан тышкары, аймакка акча салууга тоскоол болуп жаткан бюрократиялык жана инфраструктуралык факторлорду толук жоюу талкууланып, мамлекет менен ишкерлер биргеликте ишке ашыра турган ири долбоорлор тааныштырылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында Баткен облусунда ишкердик жүргүзүү шарттарын жакшыртуу боюнча атайын сунуштардын пакети иштелип чыкты.

Семинар 11-июнга чейин уланып, кийинки этаптары Ош жана Манас шаарларында өткөрүлөт.