Дүйнөлүк стандартка жооп берет. Баткенде герман технологиясы менен газобетон чыгарган завод курулууда

Аймак 17 апрель 2025 10:03
491097614_1212219943604792_6656122255939368397_n (1).jpg
491952291_1212220023604784_6308340910750478069_n.jpg
491973597_1212219946938125_7518294262772697541_n.jpg
491478563_1212219936938126_4314538274130109888_n.jpg
491039468_1212219833604803_7565701645799177725_n.jpg
492320868_1212219823604804_7327344295437701445_n.jpg
491217068_1212219810271472_6375601192068669899_n.jpg
491949772_1212219726938147_424903721914818555_n.jpg
491556345_1212219736938146_8900366198655587653_n.jpg
491005578_1212219740271479_5286303893168130540_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 17.04.25./Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов «Халмион Пром» жоопкерчилиги чектелген коомунун автоклавдык газобетон чыгаруучу заводунун курулушун көрдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, завод Баткен облусунун Кадамжай районунун Жеңиш айылында жайгашкан.

Завод Германиядан алынып келген жабдуулар менен жабдылып, герман технологиясы менен курулууда.

Дүйнөлүк стандартка жооп берген, жогорку сапаттагы курулуш материалын чыгаруучу ишкананы үстүбүздөгү жылдын декабрь айына бүткөрүү аракеттери көрүлүүдө.

Ишкана жылына 160 миң куб метр продукция чыгаруу кубаттуулугуна ээ болот. 150 адам жумуш оруну түзүлөт.

Исхак-Полотхан айыл өкмөтү ишканага 5 га жер аянтын бөлүнүп берген.

Сметалык баасы 14,5 млн АКШ долларын түзгөн ишканага Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан да каражат бөлүнгөн.