Баткенде эрте бышкан бадыраң сатыкка чыкты

Аймак Загрузка... 22 Апрель 2026 14:50
ogurzi_polza_i_vred_oblogka_960-960x540.jpg

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Жаңы Достук айылында эрте бышкан бадыраңдын түшүмү жыйналып, сатыкка чыгарыла баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыл тургуну Махмут Байдиев март айында 3 сотых жер тилкесине бадыраңдын экватор сортун отургузган.

Бүгүнкү күндө алынган түшүм айыл ичине жана жергиликтүү базарларда сатылууда.

"Аталган сорт эрте бышкандыгы жана жогорку сапаты менен айырмаланат. Бул өзгөчөлүктөр дыйканга өндүрүлгөн продукцияны кыска мөөнөттө жана кыйынчылыксыз сатууга мүмкүнчүлүк түзүүдө", - деп айтылат маалыматта.