Дан эгиндеринин түшүмү 2,5 млн тоннага жакындап, рекорддук көрсөткүчкө жетти

Экономика 14 октябрь 2026 10:45
Дан эгиндеринин түшүмү 2,5 млн тоннага жакындап, рекорддук көрсөткүчкө жетти
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылы дан эгиндеринин дүң жыйымы өткөн жылга салыштырмалуу 714 миң тоннага көбөйүп, 2,5 млн тоннага жакындады.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ал эми картошканын түшүмү 965 миң тоннаны түздү.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, дан эгиндерин жыйноодо Чүй облусу алдыңкы орунда турат. Буудай менен арпанын түшүмүн жыйноо дээрлик аяктап, жүгөрүнүн дүң жыйымы 671 миң тоннадан ашты. Бул былтыркы көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе көп.

Өлкөдө картошканын түшүмү былтыркыга салыштырмалуу 317 миң тоннага көбөйдү. Жашылчалардын дүң жыйымы 891 миң тоннаны, бахча өсүмдүктөрүнүкү 240 миң тоннаны түздү.

Кант кызылчасын жыйноо уланууда. Айдоо аянттарынын үчтөн бир бөлүгү жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 420 центнерди түздү.

Ал эми түштүк аймактарда пахта жыйноо темпи былтыркыга салыштырмалуу эки эседен ашык өсүп, кампаларга 16 миң тоннадан ашык пахта жеткирилди.